08.08.2019 11:27

Дастан Бекешев: Мындай «операция»  үчүн УКМК төрагасы отставкага кетиши керек

Дастан Бекешев: Мындай «операция»  үчүн УКМК төрагасы отставкага кетиши керек

Кечээ, 7-августта Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүндө аны кармоо операциясы жүрдү. Анын жүрүшүндө атайын багыттагы кызматтын бир кызматкери каза болгон.

«Каза болгон спецназ - Үсөн Ниязбеков. Мындай «операция» үчүн УКМКнын төрагасы Орозбек Опумбаев отставкага кетиши керек», - деп жазды бул боюнча Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев.

Белгилүү болгондой, 7-августта саат 22:50 чамасында Бишкектеги ортопедия жана илим изилдөө борборуна спецназ келип түшкөн. Анын көкүрөк тушуна ок тийген. 8-августка караган түнү саат 00:40та анын каза болгону маалым болгон.